«К.К. Юдахин. Борбордук Азияны тил аркылуу бириктирүү менен бирге» аттуу эмгек университеттин китепканасынан орун алды

Университеттин Илимий китепканасына «К.К. Юдахин. Борбордук Азияны тил аркылуу бириктирүү менен бирге»: документалдык-биографиялык монография илим. ред. В.И. Нифадьев. – Б.: КРСУ басмаканасы, 2020. – 216 б. аттуу китептин басмаканадан чыккан үлгүсү келип түштү.

Бул китеп советтик тюрколог, лексикограф, тирүү түрк тилдеринин жана байыркы түрк жазуусунун билерманы, түркологиянын, кыргыз тил илиминин, адабий таануунун жана тарыхтын көйгөйлүү суроолорун изилдеп, иштеп чыгууга ири салымын кошкон, кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча сөздүктү – азыркы кыргыз тилинин лексикалык байлыгынын уюткусун түзүп, тизмектеген чыгаан окумуштуу Константин Кузьмич Юдахиндин (1890 – 1975жж.) 130 жылдык юбилейине арналат.

1966-жылдын март айында К.К. Юдахин Кыргыз Улуттук университетине өзүнүн жеке китепканасын белек кылып тартуулаган. Константин Кузьмич Мамлекеттик университетке 1633 китепти тапшырган, ал эми 1975-жылы алардын саны 3011 нускага чейин көбөйтүлгөн. Бул китептер бүгүнкү күндө К.К. Юдахин атындагы окуу залынын фондунда сакталып турат (№5 окуу корпусу, 3-этаж, 314-бөлмө).

Ж. Баласагын атындагы КУУ китепканасынын башкы библиографы Коккозова Тамара 2020-жылдын февраль-март айларында китептин авторлору Л.И. Сумароковго жана О.Л. Сумароковага лингвистика, түркология, этнография тарыхы боюнча документалдык материалдарды издөөдө жана аны таап, колдонууга берүүдө олуттуу жардам көрсөткөн. Бул материалдардын көпчүлүгү биринчи жолу жарык көрдү.

Китептин электрондук форматы ачык колдонууга китепкананын: http://lib.knu.kg/ сайтында жайгаштырылган.