Интернеттеги электрондук китепкана

Аталышы Баяндалышы
Докучөйрө Россиялык улуттук китепкананын электрондук фонду 360 000ден ашык документти ичине камтыйт (20дан ашык коллекциялар).
Россия Мамлекеттик китепканасынын электрондук китепканасы курамына төмөнкүлөр кирет: Диссертациялардын китепканасы, Универсалдык жыйнактар. Эски басма китептер. Ноталык коллекциялар. Илимий жана билим алуучулук адабият. Документтердин бир бөлүгү ачык кирүү мүмкүндүгүндө жайгаштырылган.
Дүйнөлүк санариптик китепкана (WDL) дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн маданиятын чагылдырган материалдардын чоң санына көп тилдүү форматтагы Интернет тармагынын акысыз жетимдүүлүгүн алып чыгат
Европалык санариптик китепкана. Europeana ЮНЕСКОнун колдоосу астында ишке ашырылуучу эларалык долбоор. Дүйнөлүк санариптик китепкананын сайтында алып чыгылган объектилердин эсебине кол жазмалар, карталар, сейрек китептер, музыкалык партитуралар, фильмдер, сүрөттөр,фотосүрөттөр жана архитектуралык чиймелер киришет. Китепкана дүйнөнүн 40 тилиндеги документтерди камтыйт.
Библиотекарь.Ру орустук жана дүйнөлүк тарых, искусство, маданият, колдонмолуу илимдер боюнча көркөм эмес адабияттардын электрондук китепканасы. Орто жана жогорку окуу жайларында окугандар үчүн китептер, басма сөз материалдары, графика, маалымдамалык жана техникалык адабияттар.
ТехЛит.ру ГОСТтордун, СНиПтердин, кызматтык нускамалардын, келишимдердин жана документтердин башка да түрлөрүнүн чоң архивин түзөт.
Физика-математикалык окуу китепканасы EgWorld сайтынын электрондук китепканасы окуу китептерин,окуу куралдарын, тапшырмалардын жана көнүгүүлөрдүн жыйнактарын, лекциялардын конспектилерин, монографияларды, маалымдамаларды жана да математика, механика жана физика боюнча диссертацияларды камтыйт. Китепкананын негизги фондусун отуз жана андан көп жыл мурда басылган китептер түзөт.
Гумер китепканасы – гуманитардык илимдер социалдык жана гуманитардык илимдер: тарых, маданият таануу, философия, саясат таануу, адабият таануу, тил илими, журналистика, психология, педагогика, укук, экономика ж.б. боюнча китептердин коллекциясы.
Орус виртуалдык китепканасы өзүнүн максаты катары зарыл маалыматтык-комментатордук аппараты тиркелүү менен абройлуу булактар негизинде классикалык жана заманбап орус адабиятынын чыгармаларын электрондук алып чыгууну жарыя кылат.
Көркөм адабияттын электрондук китепканасы көркөм чыгармалардын, классикалык адабияттын on-line толук тексттери.
Чыгыш адабияты Чыгыштын жана Батыштын орто кылымдык тарыхый булактары.
«Россиянын археологиясы» порталындагы китепкана археология, тарых, архитектура, этнография, антропология, искусствонун тарыхы, эстеликтерди коргоо боюнча, ошондой эле тутумдаш илим предметтери боюнча эмгектердин тексттери.
Толук тексттүү электрондук китепканалар интернеттин ресурстары боюнча жол көрсөткүч сайттарга шилтемелерди сунуш кылат, булар басылган китептердин толук тексттүү үлгүлөрүн: окуу китептерин, монографияларды, илимий-популярдык жана көркөм адабияттарды камтышат.Төмөндөгүдөй бөлүмдөр бар: Жарым тематикалык китепканалар; Экономика; Укук; Психология, социология; Тарых; Философия; Математика, физика, химия; Техника, Экология, Адабият таануу, тил илими. Искусство; Көркөм адабият; Издөө системалары жана шилтемелердин каталогдору.