Абонементтен жана окуу залынан пайдалануу эрежелери

1.Жалпы жобо

1.1Китепканадан пайдалануу укугу профессор-окутуучулардын курамына,аспиранттарга, магистранттарга, күндүзгү жана сырттан окуган бюджеттик жана контрактык формада окуган студенттерге,кызматкерлерге жана башка окурмандарга мүмкүнчүлүк берилет.
1.2 Китепкананын окурмандарына басма жана электрондук басылмаларды жана башка бар болгон материалдарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү.
1.3 Басылма адабияттар абонемент менен окуу залынан берилет.Электрондук документтерди видео жана аудио материалдарды кароо компьютердик технология залында жана Интернетте жүргүзүлөт. Өзгөчө сейрек кездешүүчү жана баалуу басылмаларды берүү тартиби китепкананын директору аркылуу аныкталат.
1.4 Окурмандарга китеп тандоодо, маалыматтарды, маалымат топтолгон жыйнакты жана каталогду пайдаланууга ар тараптан жардам көрсөтүү.
1.5 Китепканага окурмандарды жазуу окурмандардын категорияларына жараша студенттик билеттин же аспиранттардын кызматтык күбөлүктөрүнүн негизинде дайыма колдонула турган бирдей окурмандык билет берилет. Кокусунан өзгөчө окурмандарды тейлөө болуп калса күбөлүгүн же башка өздүгүн аныктаган документин көрсөткөндө окурмандарды тейлөө жүргүзүлөт.
1.6 Китепканага окурмандар жазылып жатканда китепкананын эрежелери менен таанышыш керек да аны аткаруу милдетин тастыкташ үчүн өзүнүн окурмандык билетине ,окурмандын формулярына колун коюу керек.
1.7.Китепкана жыл сайын окурмандарды кайрадан каттоодон өткөрүүнү жүргүзөт.Каттоодон өткөн окурман өзүнө эсептелуу адабияттарды бүт өткөрүш керек эсебин алуу учун жана каттоодон өткөндон кийин кайрадан ала алат. Китепкананын каттоосунан өтпөгөн окурмандарды китепкана тейлебейт.
1.8 Университеттин студенттери,мугалимдери,кызматкерлери, аспиранттары каникулга же эмгек өргүүсүнө кетээрде өзүнө эсептелген бардык китептерин өткөрүп кетүүгө милдеттүү.
1.9 Китепкана кызматын пайдаланганды токтоткон окурмандар китептерин бүт өткөрүп,окурмандык билетин тапшырып,китепканага келбей тургандыгын билдириш керек.

2.Китепканадан пайдалануу тартиби.

А. Абонементте:

2.1 Адабияттарды берүү мөөнөтү.

-Илимий адабияттар окурмандарга 10 күндүк мөөнөт менен берилет.

-Окуу адабияттары бир семестрге же окуу жылынын аягына чейин берилет.

-Көркөм адабияттар 1-2 айлык мөөнөт менен саны 2 ден ашык экземпляр болсо берилет.

-Жалгыз экземплярдын үйгө берүү тартибин китепкананын директору аныктайт.

2.2 Китепти пайдалануу мөөнөтү анын билдируусу менен абонементтин кызматкеринин макулдашуусу менен узартылышы мүмкүн.

2.3 Үйгө берилбейт:

-сейрек, баалуу жана кол жазма басылмалары,

-диссертация менен авторефераттар,

-газета , журналдар.

2.4Жогоруда көрсөткөн мөөнөттөн негизсиз себептерден китепти кечиктирсе, окурмандык билетин жоготсо,китепкананын пайдалануу эрежелерин бузса окурман милдеттүү түрдө жазага тартылат:Абонементтен жана окуу залынан 1 семестрге пайдалануу укугунан четтетилет.

Б. Окуу залынан

2.5 Абонементтен жана окуу залынан китептер окурмандын ооз эки же суроо талап баракчасынын негизинде берилет.

2.6 Окуу залынан китепти сырртка алып чыгууга болбойт. Окуу залынан узак убакытка чейин пайдаланган окурман кетээринде алган китебин китепканачыга өткөрүп кетүү керек.

3.Окурмандын милдети

3.1Окурман китепканачы пайдаланганга мүмкүнчүлүк берген китепке,газета,журналдарга,ж.б.басылмаларга кылдат,аяр мамиле кылышы керек.
3.2.Китеп алганда окурман сөзсүз түрдө китептин абалын текшериш керек.Кай жеринде кемтик болсо китепканачыга эскертиш керек.,болбосо китепти айрып же булгап койгондугу үчүн жооп берет,акыркы пайдалануучу катары.
3.3 Китептин бетиндеги тексти сызып,бүктөп,белгилеп окуганга,барагын айырганга, копировка кылганга ж.б.у.с. руксат берилбейт.
3.4Окурмандар китепканнын фондусуна зыян келтирсе моралдык, материалдык же КР кылмыш ишинин мыйзамынын негизинде болбосо башка жоопкерчиликке тартылат.
3.5Окурмандар тарабынан китеп жоголсо же жараксыз кылып койсо китепканачы тарабынан туура деп табылган ошондой эле китепти же ошого окшош китептин баасы,мазмууну туура келсе кабыл алынат.
3.6.Окурмандын суроо талабын аткарыш үчүн китепканачыга окурмандык билетин көрсөтүү керек.