БУУнун китепканасы

2007-жылдын 7-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу ѳкүлдүгү менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети ортосунда БУУнун фондун Университеттин аймагына жайгаштыруу жөнүндөгү келишим түзүлгѳн. Ушул мезгилден тартып Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Илимий китепканасына Бириккен Улуттар Уюмунун депозиттик китепканасы маккамы (статусу) берилген.

БУУнун китепканасынын фондунун универсалдуулугу уникалдуу. КУУнун УКсуна салттуу формада жана электрондук түрдө келип түшүп туруучу, Уюмдун жетекчилик органдарынын, ошондой эле БУУнун башка адистештирилген уюмдары менен мекемелеринин документтери жана басылмалары дүйнѳ калкынын жашоосун чагылдырып, ар кыл элдердин мыкты ѳкүлдѳрүнүн тажрыйбасын сактап турат.

БУУнун Кыргыз Республикасындагы системасы (http://kg.one.un.org/) Өлкөлөргө өнүгүү жаатындагы реформаларды ишке ашыруугажардам кѳрсѳтѳт жана эл аралык деңгээлде макулдашылган өнүгүү жаатындагы максаттарга жетүүгө, анын ичинде миң жылдыкта өнүгүү менен туруктуу өнүгүүгөң колдоо көрсөтөт.

БУУнун ар-бир мекемеси ѳз чѳйрѳсүндѳ ѳзүнүн мандатына ылайык иштейт, бирок жалпысынын биздин иш БУУда дүйнөлүк лидерлер тарабынан кабыл алынган жалпы максаттарга жетүүгө көмөктөшөт.

Кыргыз Республикасындагы БУУнун системасындагы мекемелердин биргелешкен ишинин негизги чөйрөлөрү:

  • Тынчтык жана коопсуздук
  • Туруктуу ѳнугүү
  • Адам укугу
  • Гендерлик теңдик
  • Аймактардын ѳнүгүүсү
  • Ден-соолук жана тамак-аш
  • Балдар жана жаштар

Ошондуктан БУУнун Китепканасынын маалыматтык ресурстары Ж. Баласагын атындагы КУУнун окутуучулук-профессордук курамы менен студенттерине гана эмес, ошондой эле бардык кызыкдар адамдарга жана өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө, БУУнун ишмердүүлүгүнө кызыккандардын баарына ачык.

БУУнун китепканасынын сакталуу фонду 2022-жылдын 1- январына карата 8090 мин сакталуучу бирдикти түзѳт. Электрондук каталогго 4876 библиографиялык жазылма кирген. Электрондук документтердин саны 345 дискти жана 70 видеокассетаны түзѳт.

Азыркы учурда БУУнун Кыргызстандагы сайтында тѳмѳндѳгүдѳй бѳлүктѳр боюнча басылмалар менен публикациялардын электрондук үлгүлөрүнө ачык кирүү мүмкүндүгү бар:

  • Социалдык экономикалык ѳнүгүү
  • Демократиялык башкаруу
  • Кризистин алдын алуу жана калыбына келтирүү
  • ВИЧ/СПИД,туберкулез жана малярия
  • Аялдар укугу менен мумкүндүктѳрүн кенейтүү
  • Айлана-чѳйрѳ жана энергетика
  • Адамзаттык ѳнугүү тууралуу докладдар
  • ЦРТ жѳнүндѳ отчет
  • “Bayan”журналы БУУнун ѳнүгүү программасы – Кыргыз Республикасында.