Новая литература из МОиН КР

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Илимий китепканага “Кыргыз Республикасында 2015 – 2020 жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатынын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын” алкагында төмөнкү китептер белекке берилди.
1 Оморов А.
Уулу кыргыз каганатынан аймагындагы жер-суу аттары. –Б.: 2019 ж.- 312 б.
Китеп тарых, география жана жалпы гуманитардык башка багыттардагы илимге кызыгуучуларга, туристтерге, жол жана жер долбоорло институттарына география, геологиялык ар кандай чалгындоо иштерине ошондой эле жогорку окуу жайларынын студенттери аспиранттары үчүн табылгыс керектүү окуу куралы болуп саналат.
2 Абдиев М.Ж.,Момунов У.Н.
Бухгалтердик финансылык эсеп: Окуу китеби -Б.: 2019 ж. — 488 б.
Экономикалык багыт жана адистиктер боюнча окуган жогорку жана орто атайын окуу жайларынын студенттери, кадрларды кесиптик кайра даярдоо боюнча угуучулар, практик-бухгалтерлер, аудиторлор, финансисттер жана башка кызыккан тараптарга сунушталат.
3 Иманалиев З.К., Чекиров З.К.
Колдонмо математиканын негиздери. –Б.: 2019 ж.-212 б.
Сунуш кылынган окуу китебин жалпы эле жогорку окуу жайларынын күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнүн студенттери, мугалимдер, инжернерлер жана ошондой эле математиканын жогорку курсун өз алдынча окуп үйрөнүүнү максат кылгандар пайдалана алышат.
4 Кулманбетов Ж.
Кыргыз театрынын тарыхы: Тарыхый-теориялык экскурс. –Б.: 2019 ж.-508 б.
Китепте кыргыздын эпикалык (баяндоочу, нарративдик) театрына (аристотелдик эмес театр) кеңири теориялык аныктама берилди. Европалык типтеги сахна өнөрүнүн (аристотелдик театр) 1926-жылы Ала-Тоо жергесине келишинин нукура себептери, басып өткөн тарыхый жолунун урунттуу учурлары мезгилдин саясий-идеологиялык контекстинде чагылдырылды.
Китеп театр искусствосун иликтеген адистердин, жалпы эле окурмандардын кеңири катмарына, айрыкча кыргыздын улуттук сахна өнөрүн окуп-билүүгө дит койгон республикалык театр окуу жайларынын студенттерине, мугалимдерине багытталат.
5 Жетикашкаева Н., Жүндүбаева Н., Тынымсеитова Ж., Абдыкадырова С.
Окурмандын китеп текчеси: 41-том. –Б.: 2020 ж.- 664 б.

Бул китепке кыргыздын прфессионалдык жазма адабиятында кыргыз кыз-келиндеринин ичинен алгачкылардан болуп чыгармачылык чыйыр салган акын Н.Жетикашкаеванын жана анын соңунда акындык өнөр менен кеңири коомчулукка тааныла алган акын эжелер Н.Жүндүбаева, Ж.Тынымсеитова, С.Абдыкадырованын чыгармалары топтолду. Жыйнак жалпы окурмандарга арналат.

6 Садыков Ж.
Окурмандын китеп текчеси: 42-том. –Б.: 2020 ж.- 640 б.
Бул китепке Кыргыз Эл акыны Жалил Садыковдун тандалган ырлары, поэмалары жана драмалык чыгармалары топтоштурулду. Жыйнак жалпы окурмандарга арналат.
7 Ибраев Э.
Окурмандын китеп текчеси: 43-том. –Б.: 2020 ж.- 648 б.
Бул китепке Кыргыз Эл акыны Эсенгул Ибраевдин тандалган чыгармалары топтолду.
Жыйнак жалпы окурмандарга арналат.
8 Кыдыров А., Турсунов Э.
Окурмандын китеп текчеси: 44-том. –Б.: 2020 ж.- 644 б.
Бул китепке белгилүү акын, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абзий Кыдыровдун жана Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсуновдун тандалган ырлары жана көлөмдүү поэмалары топтоштурулду.
Жыйнак жалпы окурмандарга арналат.
9 Жакыпбеков А.
Теңири Манас: Роман.Окурмандын китеп текчеси:45-том.-Б.: 2020 ж.-656 б.
Элдик эпостун нугунда биринчи жолу жазылган бул романда Манастын балалык чагынан Чоң Казатка чейинки окуялар жорго сөз керемети менен баяндалат.
Китеп жалпы окурмандарга арналат.
10 Гапаров М.
Окурмандын китеп текчеси: 46-том. –Б.: 2020 ж.- 644 б.
Бул китепке белгилүү прозаик жана драматург, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу М.Гапаровдун аңгеме, повесть жана драмалары кирди.
Жыйнак жалпы окурмандарга арналат.
11 Стамов А.
Окурмандын китеп текчеси: 47-том. –Б.: 2020 ж.- 656 б.
Бул китепке белгилүү прозаик, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Асанбек Стамовдун тандалган чыгармалары кирди.
Жыйнак жалпы окурмандарга арналат.
12 Мамытов Ж.
Окурмандын китеп текчеси: 48-том. –Б.: 2020 ж.- 616 б.
Бул китепке белгилүү акын, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Жолон Мамытовдун тандалган ырлары, поэмалары кирди.
Жыйнак жалпы окурмандарга арналат.
13 Кожомбердиев Т.
Окурмандын китеп текчеси: 49-том. –Б.: 2020 ж.- 640 б.
Бул китепке белгилүү акын, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты турар Кожомбердиевдин ырлары, поэмалары кирди.
Жыйнак жалпы окурмандарга арналат.
14 Акматов К.
Окурмандын китеп текчеси: 50-том. –Б.: 2020 ж.- 680 б.
Бул китепке белгилүү прозаик ,Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Казат Акматовдун белгилүү аңгеме, повесттери жана “Архат” романы кирди.
Жыйнак жалпы окурмандарга арналат.