Китепкананын директору М.К. Джаилканова АЭБдин аткаруучу директору болуп шайланды

kln

Илимий китепкананын директору Джаилканова Мая 2021-жылдын 24-мартында добуш берүүнүн жыйынтыгында ЖОЖ китепканаларынын, ошондой эле башка Кыргызстандын китепкана илимин өнүктүрүү кызыкчылыгын көздөгөн китепканалык-библиографиялык жана маалыматтык мекемелердин иш-аракеттерин активдештирүү жана координациялоо максатында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм – Электрондук китепканалар ассоциациясынын (ЭКА – АЭБ) аткаруучу директору кызматына шайланды.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун илимий китепканасы 2011-жылдан тартып АЭБдин мүчөсү болуп саналат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 24 китепканасы: 17 университеттик китепкана, 4 коомдук китепкана жана 3 орто кесиптик колледж китепканасы Ассоциациянын мүчөсү.

2011-жылдан бери Кыргызстандын китепканасынын: КУУ, КРСУ, КМТУ, КГУСТА, МУК, КМЮА, БГУ, ЫМУ, ЖаГУ, ОшТУ, ОшМУ, НМУ, КР Улуттук китепкана, МПТК, МУК, МУЦА электрондук каталогдорун жайгаштырган Борбордук Азиядагы эң ири маалыматтык-билим берүү порталдарынын бири KIRLIBNET веб-сайты (www.kyrlibnet.kg) иштеп келе жатат.

KIRLIBNET веб-сайтындагы (www.arch.kyrlibnet.kg) ачык архивде АЭБдин мүчөлөрү болгон китепканалардын толук тексттик окуу, билим берүү жана илимий электрондук булактары: диссертациялардын тезистери, диссертациялар, ЖОЖ жана МПТК Жарчылары, монографиялар, окуу китептери, патенттик документациялар, лекциялар жана окуу-методикалык куралдар, илимий-изилдөө иштери боюнча отчеттор, чакан жана орто бизнеске жардам берүүчү жыйнактар, МПТК маалыматтары жана библиографиялык көрсөткүчтөрү камтылган.

2015-жылы Электрондук Китепканалар Ассоциациясы тарабынан «Сорос-Кыргызстан» Фондусунун каржылык колдоосу менен «Ачык билим берүүчү ресурстар: Кыргызстан ЖОЖдору үчүн жаңы ачылыш» долбоору ишке ашырылган ( http://kyrlibnet.kg/ru/oor-new/).

2019-жылы Электрондук китепканалар ассоциациясы жаңы маалыматтык технологияларды иштеп чыгуучулар жана пайдалануучулардын Эл аралык Ассоциациясы (ЭБНИТ Ассоциациясы, Москва, Россия) менен келишим түзүп, (http://www.elnit.org/) Кыргызстандын аймагында китепканалык-маалыматтык технологияларды автоматташтырууга арналган, ИРБИС 64+ китепканаларын автоматташтыруу тутумунун программалык продуктуларын ишке ашыруу үчүн лицензия алган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде 2020-2021-окуу жылына окуу процессин уюштуруу жөнүндө» 2020-жылдын 17-мартындагы №631/1 буйругу менен Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жетекчилерине менчигинин формасына жана ведомстволук таандыктыгына карабастан 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен, атап айтканда, КИРЛИБНЕТ электрондук китепканаларынын ресурстарын пайдалануу менен окуу процессин онлайн режиминде уюштурууга буйрук берилген.