2024-жылдын 28 ноябрында А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын 90 жылдыгына араналган салтанаттуу мааракеге мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Н. Ишекеев жана А.Табалдиев атындагы илимий китепкананын директору У.У. Казначиева катышышты. Бул мааракелик иш-чарага расмий адамдар катышты. Аталган китепкананын директору А.А.Аскарова улуттук университеттин бүтүрүүчүсү.
2024-жылдын 11-ноябрь күнү Улуттук университетте Эл аралык илим күнүнө карата “Кыргыз улуттук университетинин илимий изилдөөдөгү жетишкендиктери, көйгөйлөрү жана перспективалары» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Илим күнүнө арналган илимий-практикалык конференцияда илимий изилдөө иштеринин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Ж баласагын атындагы КУУнун Ардак грамота менен А. Табалдиев атындагы илимий китепкананын эмгек жааматы сыйланды.
2024-жылдын 29-30-октябрында КУУнун А.Табалдиев атындагы илимий китепканасынын кызматкерлери: У.У. Казначиева—директор, З.Т. Бейшенбаева — башкы китепканачы жана Ж. Ш. Омурканова – улук китепканачы №10-окуу имаратында КУУнун илим бөлүмү тарабынан уюштурулган “Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо жана сактоо” аттуу темада кыска мөөнөттүү курска катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери интеллектуалдык менчик жаатындагы билимди жогорулатуу, аларды практикада колдонуу, жарандык-укуктук коргоонун жолдорун түшүнүү, интеллектуалдык менчиктин объектилерин тариздөө жана каттоо боюнча кызыктуу баяндама жасап, сунуштарын беришти. Ал эми илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев окутуучулук-профессорлор курамынын илимий эмгектерин тастыктоо, окуу методикалык китептерге, колдонмолорго, […]
2024-жылдын 16-17-октябрында 8-окуу имаратынын А. Табалдиев атындагы илимий китепкананын “ИНТЕРБИЛИМ” маалыматтык-ресурс залында китепкананын кызматкерлери үчүн “Scopus, Google Академия, Elibrary – илимий электрондук китепкана жана ORCID” маалымат базалары боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Жыйында илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев ачып, сөз кезегин илимий метрикалык талдоо бөлүмдүн башчысы Асель Шайылдаева менен жетектөөчү адис Жолдошали к.Үмүткө берилди. Илимий китепкананын кызматкерлери үчүн Scopus, Google Академия, Elibrary жана ORCID маалымат базаларын эффективдүү колдонуу боюнча керектүү инструменттер жана маалыматтар берилди. Семинарда катышуучулар маалымат базаларынын функционалдык өзгөчөлүктөрү, издөө механизмдери, публикациялардын рейтингин жогорулатуу, цитаталарды мониторинг кылуу жана ORCID профилдерин түзүү жана жаңыртуу аркылуу илимий ишмердүүлүктөрдү системалуу түрдө көрсөтүү, ошондой […]
2024-жылдын 8-октябрь күнү илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев №8-окуу имаратында жайгашкан А.Табалдиев атындагы илимий китепкананын жамааты менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө окутуучулар менен жаш окумуштуулардын ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү зарылдыгы белгиленди. Жолугушууга о.э. илимий метрика бөлүмүнүн башчысы Асель Шайдылдаева менен илим бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Качкын уулу катышты. (С) Казначиева Үмүт – А. Табалдиев атындагы илимий китепкананын директору