Белгилүү илимпоз жана коомдук ишмер Кусейин Исаевдин китептери белекке берилди

2023-жылдын 14-июнунда КУУнун А. Табалдиев атындагы илимий китепканасында (8-окуу имаратындагы) Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Камчыбек уулу Мырзабек, кафедра бөлүм башчысы Жусубалиев Абдикайым Рысбаевич тарабынан, белгилүү социолог, педагог, илимпоз жана коомдук ишмер Кусейин Исаевдин “Кыргыз социологиясы” жана “Кыргыз жолу” китептери белекке берилди.

Иш-чара Илимий китепкананын директору Үмүт Казначиева жана Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Камчыбек уулу Мырзабек жетектеген эки түзүмдүн эмгек жамааттарынын катышуусунда өттү.

Китепкана кызматкерлери китепканага белекке берген китептери үчүн терең ыраазычылыгын билдирет! Берилген китептер китеп текчелеринде өзүнүн татыктуу ордун гана ээлебестен, Социология илимин окуган окурмандарды кубанычка бөлөйт деген ишеничтебиз.

К.Исаев, Кыргыз социологиясы: өткөнү,түптөлүшү, келечеги. – Редакциялаган социология илимдеринин кандидаты Салморбекова Р.Б.- Б.:2009,-191б. 40 нуска
К.Исаев, Кыргыз жолу.- Б.:2018,-399б 4 нуска