А.Т.Табалдиевдин жаркын элесине арналган «Социологиялык окуу»

2018-жылдын 14-ноябрында КУУнун Илимий китепканасында (8-окуу имаратындагы) көрүнүктүү окумуштуу, философия илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, публицист Асанбек Табалдиевич Табалдиевдин жаркын элесине жана Кыргызстандын социологдор күнүнө арналган «Социологиялык окуу» болуп өттү.

Бул иш-чарага социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин деканы Камчыбек уулу Мырзабек, КУУнун профессору М.Артыкбаев, социология жана социалдык иш кафедрасынын башчысы А.Жусубалиев, социологиялык лабораториясынын башчысы К.Ишимкановдор, о.э кыргызстан социологдор ассоциациясынын президенти К.Исаев, БГУнун профессорлару С.Нурова, Э.Эсенгелдиев, доценти Б.Малтабаров, КЭУнун доценти Э.Жоомартова катышты.

tabaldievИш-чарага А.Табалдиевдин атын алып жүргөн КУУнун Илимий китепканасынын эмгек жамааты, КУУнун социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин окутуучулары менен студенттери, БГУнун социология багытында билим алып жаткан студенттери катышты.

Бул иш-чарада Табалдиев Асанбек: Тандалган социалдык жана философиялык эмгектер: /түзгөн Эсенгелдиев. — Б. : 2015. — 352 б. –китебинен үзүндүлөр окулду.

Асанбек Табалдиев 1935-жылы Кыргызстандын азыркы Нарын облусуна караштуу -Жерге-Тал кыштагында туулган.

1957-жылы Бишкектеги Кыргыз Улуттук Университетин аяктаган.

1963-жылы философия илимдери боюнча кандидаттык ишин 28 жашын¬да жактаган.

1971-жылы философия илимдери боюнча доктордук ишин 36 жашында жактаган.

1973-жылдын ноябрдан өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакторунун биринчи орун басары жана башкы редактору болуп иштеген. 38 жашында Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент — мүчөсү болуп шайланууга , мамлекетгик илимий сыйлыктын лауреаты болууга, өзүнүн илимий мектебин түптөөгө жетишген, 20 аспирантка илимий жетекчи болгон. Анын илимий жетекчилиги астында 8 кандидаттык диссертация корголгон.

Ал 9 китеп, 100дөн ашуун илимий эмгек, жүздөгөн ар кыл макалалар жазган. «Лениндик улут теориясы жана азыркы учур» (1971), «Доорубуздун достугу» (1974), «Улутум бар, уруум жок» (1970), «Дагы бир жолу Андрейчиктин улуту жөнүндө» (1973) «Гомер жана Гомерлер» (1970), «Салт жөнүндө ой» (1965), «Жаңы адам жана бош убакыт» (1962), «Айыл маданияты жөнүндө сөз» (1966), «Сүйүүдөн турмуш жаралат» (1970) ж.б.