2026-жылдын 28-апрелинде И. Раззаков атындагы КГТУнун Илимий-техникалык китепканасы базасында «Кесиптик билим берүү уюмдарынын илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүн камсыздоодо “Знаниум” электрондук китепкана системасынын мүмкүнчүлүктөрү» аттуу семинар өткөрүлдү.
Уюштуруучулар:
• Электрондук китепканалар ассоциациясы
• ИНФРА-М басма холдинги
Катышуучулар:
Иш-чарага жогорку окуу жайлардын жана колледждердин китепканаларынан 33 өкүл онлайн жана офлайн форматта катышты.
Ж. Баласагын атындагы КУУ тарабынан төмөнкү өкүлдөр катышты:
Казначиева У.У. — А. Табалдыев атындагы Илимий китепкананын директору
• Бейшенбаева В.А. — башкы библиограф
Катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча заманбап технологиялар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты:
окуу-билим берүү ишмердүүлүгү
• илимий-маалыматтык иш
• Электрондук китепканалар ассоциациясы (АЭБ) тарабынан жүргүзүлгөн коомдук ишмердүүлүк

