ИРБИС МЕКТЕБИ – 2026

2026-жылдын 21-апрелинде КНУнун илимий китепканасынын кызматкерлери «ИРБИС МЕКТЕБИ – 2026» программасынын иш-чараларына катышышты. Бул программа китепкана системалары жана заманбап маалымат технологиялары менен иштөөдө кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.

Катышуучулар:

  • Бейшенбаева Зарина – башкы китепканачы
  • Омурканова Жазгүл – башкы библиограф
  • Иманалиева Мээрим  – улук китепканачы
  • Атан кызы Мадина – улук китепканачы

Өткөрүлгөн жерлер:

  • ММУ «Авиценна» («Медициналык китепканалардын ишинде предметтик рубрикаторлор жана байланышкан маалыматтын келечектеги форматтары» секциясы)
  • И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети («ИРБИС мектеби» семинары)

Ынтымақташтар жана уюштуруучулар:

  • Кыргыз Республикасынын электрондук китепканалар ассоциациясы
  • Электрондук китепканалар жана жаңы маалымат технологияларын колдонуучулар жана иштеп чыгуучулар эл аралык ассоциациясы (ЭБНИТ)
  • «ЭйВиДи-систем» компаниясы
  • Москва жана Екатеринбургдан белгилүү адистер

Иш-чаралардын негизги темалары жана максаттары:

  • Китепкана практикасына байланышкан маалыматтарды (Linked Data) колдонуу технологияларын киргизүү
  • Санариптик идентификаторлорду (DOI) колдонуу жана ачык жеткиликтүүлүктөгү автордук укук маселелери
  • «ИРБИС» программалык камсыздоосу негизинде бирдиктүү каталог түзүү
  • ИРБИС системасынын акыркы версиялары жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу
  • Мастер-класстар жана практикалык көнүгүүлөр аркылуу катышуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу
  • Китепканаларды автоматташтыруу жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулоо жана тажрыйба алмашуу

Катышуунун мааниси:
«ИРБИС МЕКТЕБИ – 2026» программасына катышуу КНУнун илимий китепканасынын кызматкерлерине маалыматты эл аралык стандарттарга ылайык иштеп чыгууга, санариптик ресурстар менен иштөө көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана заманбап маалымат шарттарында колдонуучуларга сапаттуу кызмат көрсөтүүнү жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.2 WhatsApp-Image-2026-04-23-at-10.47.14 1 WhatsApp-Image-2026-04-23-at-10.47.02 WhatsApp-Image-2026-04-23-at-10.45.48 WhatsApp Image 2026-05-19 at 13.27.31 WhatsApp Image 2026-04-22 at 08.19.37 WhatsApp Image 2026-04-22 at 08.19.37 (1) WhatsApp Image 2026-04-22 at 08.19.36 5 3