Казакстандын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Ж. Баласагын атындагы КУУнун Илимий китепканасына 5 нуска китеп белекке берди:
Токаев Касым – Жомарт. Атам жонундо баян = Слово об отце. — Б.: “Идея Фикс”, 2025.-340-б. (кыргыз жана орус тилдеринде).
Китеп белгилүү жазуучу, казак адабиятындагы детектив жанрынын негиздөөчүсү Кемел Токаевдин өмүр жолуна арналган. Жазуучу атасынын оор балалыгы, фронттогу жаш кези, согуштан кийинки жылдардагы чыгармачылык жолу жөнүндө баяндайт. Китепте берилген эскермелерде жазуучу-фронттук жоокердин үй-бүлөсүнүн биографиясы менен бүткүл казак элинин тарыхынын көрүнүктүү жана трагедиялык барактарынын ажырагыс байланышы ачык чагылдырылган.