Ректор КУУнун илимий китепканасына Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” китебинин 3 томдугун тапшырды

2024-жылдын 25-сентябрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев №8-окуу имаратындагы түзүмдөр менен таанышуу учурунда университеттин А.Табалдиев атындагы илимий китепканасынын жамааты менен жолугушуп, китепкана директору Үмүт Казначиевага улуу ойчул Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” аттуу китебинин 3 томдугун тапшырды.

Эскерте кетсек, Венада, Каирде жана Наманганда сакталган кол жазмалардын негизинде түзүлгөн китептерди ректорго 20-сентябрь күнү болуп өткөн “Жусуп Баласагын мурасы жана түрк дүйнөсү” аттуу эл аралык форумда ТҮРКСОЙ эл аралык түрк маданияты уюмунун баш катчысы, эл жазуучусу Султан Раев белек кылган.

Аталган китептер үчүн ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раевге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Берилген китептер китеп текчелеринде өзүнүн татыктуу ордун гана ээлебестен, Жусуп Баласагын бабабыздын мурасынын түп нускадан алынган кол жазмалары менен таанышууга тикелей мүмкүнчүлүк алат.

Жусуп Баласагын бабабыздын мурасын жаш муундарга даңазалоого жана насыйкаттоого милдеттүүбүз.

10-32

(С) Үмүт Казначиева – А.Табалдиев атындагы университеттин илимий китепканасынын директору