Проректор Мирлан Дылдаев илимий китепкананын кызматкерлери менен жолугушту

2024-жылдын 8-октябрь күнү илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев №8-окуу имаратында жайгашкан А.Табалдиев атындагы илимий китепкананын жамааты менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө окутуучулар менен жаш окумуштуулардын ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү зарылдыгы белгиленди.

Жолугушууга о.э. илимий метрика бөлүмүнүн башчысы Асель Шайдылдаева менен илим бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Качкын уулу катышты.

(С) Казначиева Үмүт – А. Табалдиев атындагы илимий китепкананын директору