Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин 100 жылдыгы белгиленди

2021-жылдын 21-декабрында “Мен уулумдун түйшүгү мол кылымдын” аттуу республикалык илимий-практикалык конференциясынын алкагында Илимий китепкана тарабынан китеп көргөзмөсү уюштурулуп Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Суйунбай Эралиев тартууланды.

Суйунбай Эралиев 1921-жылы Талас районундагы Үч-Эмчек айылында төрөлгөн. Орто мектепти бүткөндөн кийин райондук гезитте иштеп жүрүп, 1941-жылы согушка аттанган. Майданда уч жолу оор жарадар болуп, 1944-жылы кайтып келип, Талас облустгук «Лениндик туу» гезитинде жооптуу катчы болуп иштеген. 1951-жылы Москвадагы Жогорку партиялык мектептин журналистика бөлумунө кабыл алынып, аны 1955-жылы аяктайт. Андан кийин «Кыргызстан пионери» гезитинин башкы редактору болуп дайындалат. 1959-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы болуп иштейт. 1965-67-жылдары Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунун 2 жылдык Жогорку адабий курсунда билим интерендеткен.

Сүйүнбай Эралиевдин биринчи ыры 1939-жылы жарык корот. Жаш акындардын альманах тарына (1947,1948) да ырлары кирген. Алгачкы ырлар жыйнагы 1949-жылы «Биринчи жаңырык» деген ат менен жарык корот. «Ак Мөөр» (1957), «Уяң жылдыздар» (1962), «Жылдыздарга саякат» (1964) аттуу поэмалары жана ыр жыйнактары С.Эралиевди өзгөчө таланттуу жана жаңычыл акын катары элге таанымал кылган. Ал 1950-жылдардан тарта котормо менен көп алектенип, С. Тока, К.Бекхожин, А.Твардовский, У.Уитмен, Р.Тагор, С.Есенин, М.Турсун-Заде, Э.Межелайтис, Айбек, Ф. Шиллер сындуу акын-жазуучулардын чыгармаларын кыргыз талине чеберчилик менен которгон. С.Эралиевдин озүнүн чыгармалары да көптөгөн тилдерге которулган.

Наамдары. Сыйлыктары:

  1. 1948-жылдан СССР Жазуучуларсоюзунун мучосу
  2. 1974-ж. Кыргыз эл акыны
  3. 1981-ж. А.А.Фадеев атындагы Бүткүл союздук адабий сыйлык
  4. 1986-ж. Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык
  5. 1998-ж. Казакстандын адабият жана өнөр тармагындагы Эл аралык Жамбыл атындагы сыйлыгы
  6. 2000-ж. Казак Республикасынын «Алтын көпурө» аттуу Эл аралык сыйлыгы
  7. «Элдердин достугу» ордени
  8. Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени
  9. I жана III даражадагы Манас ордендери
  10. 2006-ж. Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Китептери. Кыргызтилинде

  1. Биринчи жаңырык: ырлар. — Ф., 1949.
  2. Тууган жер: ырлар жыйнагы. — Ф., 1950.
  3. Ак-Мөөр: лирикалык поэма. — Ф., 1959.
  4. Түнкү сыр: поэма жана ырлар. — Ф., I960.
  5. Уяң жылдыздар: ырлар жана поэмалар жыйнагы. — Ф., 1962.
  6. Кундөр: Сатардын кундөлүгү — Ф., 1964.
  7. Жайында: Сатардын кундөлүгү. — Ф-, 1966.
  8. Жылдыздарга саякат: поэма жана ырлар.- Ф., 1966.
  9. Өмүрлөргө саякат: поэмалар. — Ф., 1967.
  10. Жол: поэма. — Ф., 1969.
  11. Сан тоолор: ырлар жана поэма. — Ф., 1971.
  12. Каркыралар: ырлар. — Ф., 1972.
  13. Кыргыз жаны: ырлар, поэмалар. — Ф., 1974.
  14. Айыл ырлары: ырлар жана поэмалар. — Ф.,1976.
  15. Сагынганда: лирика. — Ф., 1977.
  16. Тандалмалар: ырлар жана поэмалар. — Ф., 1978.
  17. Биздин суулар: ырлар. — Ф., 1980.
  18. Тандалгаичыгармалар: ырлар, поэмалар.- Ф., 1981.
  19. Тандалган чыгармалар. -Ф., 1983.
  20. Биздин жердин көркүай: ырлар. Ф., 1983.
  21. Кыштак кечтери: ырлар жаиа поэма. — Ф., 1985.
  22. Кызгылт багымдат: ырлар. — Ф., 1987.
  23. Тандалмалар: ырлар жана поэмалардын 2 томдугу. — Ф.,1991.
  24. Дуйнө: ырлар жана поэмалар. Ф., 1989.
  25. Сага айткан сыр: чакан аңгемелер .-Б., 1997.
  26. Суйгөнгө кат: ырлар. -Б., 1994.
  27. Ырлар, поэмалар. — Б., 2001.
  28. Эсимдесиң: ырлар жыйнагы.- Б., 1998.
  29. Сага айткан сыр: чакан ой жүгүртүүлөр, эсселер, экспромттор. — Толукталып 2-бас. -Б, 1999.
  30. Кезиктиң күүлөр ээси-поэзия. — Б, 2002.
  31. Тандалмалар. — Б., 2003.
  32. Жаңыл Мырза жана Шырдак бектин бозжорго. -Б., 2003.
  33. Ак таңдар. — В., 2003.
  34. А мен өткөн жаштыгыма кусамын.-Б.,2006.

Орустилинде

  1. Весенние цветы: Стихи и поэма. — Ф., 1958.
  2. Поэма о любви. Ф., 1958.
  3. Упрямая красавица: поэма. — М., 1960.
  4. Поэма о любви. -М., 1962.
  5. Застенчивые звезды: стихи, сказки, поэмы. -Ф.,1933.
  6. Много у меня друзей. М, 1968.
  7. Сатар достает облака.-М, 1968.
  8. Белые запахи: стихи и поэмы. — Ф., 1969.
  9. Земное время: стихотворения и поэмы. — М. 1975.
  10. Доброта: стихи. — М., 1977.
  11. Памятник солнцу: стихи и поэма. — М. Избранное. М, 1981.
  12. За кочующими облаками: стихотворения, поэма. — Ф.,1982.
  13. Прекрасна наша земля: стихи. — Ф., 1984.
  14. Все пройдет: стихи, поэма. М, 1990.
  15. Лиловый восход: стихи. — М., 1985.
  16. Сверкающий перевал: стихотворения и поэма. -М, 1981.
  17. Избранное.- Б., 2005.