Көккөзова Тамараны төш белгиси менен куттуктайбыз!

Ж. Баласагын атындагы КУУнун Илимий китепканасынын филология бөлүмүнүн башкы библиографы Көккөзова Тамара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы тарабынан Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы учун «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланды. Бул сыйлык 23-сентябрь « Мамлекеттик тил күнүнө» карата берилди.

Көккөзова Тамара 1977-жылдын 11-февралынан бери КУУнун Илимий китепканасында эмгектенип, катардагы китепканачыдан бөлүм башчылыгына чейин жетти.

Кызматка кирген күндөн бери өз ишин жакшы билген адис катары КУУнун Илимий китепканасынын филология бөлүмүнүн иштерин мыкты жөнгө салып келүүдө. Өзгөчө студенттерди, окутуучуларды, окумуштууларды тейлөөдө өзүнүн жогорку денгээлдеги кесипкөйлүгүн көрсөтүп келет. Мындан тышкары, өзүнүн көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаш кадрлардын насаатчысы катары дагы белгилүү.

Уюштуруучулук жаатында да жигердүү аракет жүргүзүп, учурда КУУнун Илимий китепканасынын филология бөлүмүнүн профсоюздук уюмун жетектеп келет. Ошондой эле китепкана жөнүндө ар кандай макалаларын жарыялап турат.

Кесиптешибизди КУУнун Илимий китепканасынын жалпы жамаатынын атынан куттуктайбыз!