Илимий китепкананын кызматкерлери үчүн “Scopus, Google Академия, Elibrary жана ORCID” маалымат базалары боюнча семинар тренинг өткөрүлдү

2024-жылдын 16-17-октябрында 8-окуу имаратынын А. Табалдиев атындагы илимий китепкананын “ИНТЕРБИЛИМ” маалыматтык-ресурс залында китепкананын кызматкерлери үчүн “Scopus, Google Академия, Elibrary – илимий электрондук китепкана жана ORCID” маалымат базалары боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү.

Жыйында илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев ачып, сөз кезегин илимий метрикалык талдоо бөлүмдүн башчысы Асель Шайылдаева менен жетектөөчү адис Жолдошали к.Үмүткө берилди.

Илимий китепкананын кызматкерлери үчүн Scopus, Google Академия, Elibrary жана ORCID маалымат базаларын эффективдүү колдонуу боюнча керектүү инструменттер жана маалыматтар берилди.

Семинарда катышуучулар маалымат базаларынын функционалдык өзгөчөлүктөрү, издөө механизмдери, публикациялардын рейтингин жогорулатуу, цитаталарды мониторинг кылуу жана ORCID профилдерин түзүү жана жаңыртуу аркылуу илимий ишмердүүлүктөрдү системалуу түрдө көрсөтүү, ошондой эле Google Академиядагы маалыматтарды оптималдаштыруу боюнча кеңештер берилди.